Коррупцияга айыпталган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Орусиядан кармалып, 7-августта Кыргызстанга жеткирилгенин ИИМ ырастады. Бишкектин Көк-Жар конушунун 172-контурунда жашаган тургундар президентке, УКМК төрөгасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Буга чейин ал жердеги мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу учурунда бир нече кишини милиция кармап кеткен. Президент Садыр Жапаров коомчулукта талаш жараткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду. Эми анын медиа чөйрөгө реалдуу таасири кандай болушу мүмкүн?
Борбор Азия
Москвада «Крокус Сити Холлдогу» теракт боюнча сот башталды. 147 адамдын өмүн алган окуя боюнча 19 шектүү соттолуп жатат. Теракттын уюштуруучулары табыла элек. Такси кызматын көрсөткөн айдоочулар 22-августтан тарта милдеттүү түрдө лицензия алышы керек. Эл ташып иштөөгө уруксат сол рулдуу унааларга гана берилет. Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда акыркы жылдары туризм жанданды.Чек ара бекеттеринин ачылышы жана ID-карта аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгү туристтердин агымына шарт түздү.