Татарстандын Елабуга шаарындагы "Алабуга" эркин экономикалык аймагында пилотсуз учуучу аппараттар даярдаларын орусиялык иликтөөчү журналисттер, эл аралык басылмалар жазып чыгышкан. “Алабуга Политех” студенттерди сокку урган дрондорду жасаганга ачык эле чакырып келет. “Азаттык” Украинанын армиясы “согуштук маанидеги жай” деп бутага алган кооптуу окуу жайга кыргызстандык студенттерди азгыруу кандай жүрүп жатканын иликтеп көрдү.
“Онлайн оюн аркылуу кызымды Орусияга азгырышты”
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Украинадагы согушта орус күчтөрү колдонгон дрондорду чогулткан “Алабуга Политех” окуу жайына тапшырган кыргызстандык студенттер бар. Алар окуу жайга онлайн оюн аркылуу тандалып алынганын окуучулардын ата-энелери “Азаттыкка” айтып беришти.