Кошмо Штаттар күчөтүлгөн миграциялык талаптардын негизинде 45 кыргызстандык жаранды депортациялайт. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев “Акипресс” агенттигине курган маегинде билдирген.
“Учурда аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча болжолдуу каттамдар каралып жатат. Америкалык мекемелердин өкүлдөрү алардын айрымдары үчүнчү өлкөлөргө депортацияланууну каалашы мүмкүн экенин четке кагышпайт. Бул - АКШнын иммиграциялык сотторунун чечимдерине жана чет өлкөлүк жаранга депортациялана турган өлкөсүн тандоо укугун караган миграциялык мыйзамдарына ылайык жол берилген нерсе”, - деген элчи.
Ал кыргызстандыктардын депортацияланышынын негизги себеби АКШнын аймагында мыйзамсыз жүрүүсү, өлкөгө уруксаты жок киргени же визанын мөөнөтүн сактабаганы экенин белгилеген. Мыйзам боюнча уруксат берилген мөөнөт бүткөндөн кийин да чыкпай жүргөн адамдар мыйзамсыз мигрант деп саналып, депортацияланат деп түшүндүргөн.
Маекте Молдогазиев 2022-2023-жылдары кыргыз жарандарынын иммиграциялык эмес визанын түрлөрүнүн - жумуш жана туристтик, студенттик визалардын талаптарынын көп бузганы АКШ тарапты тынчсыздандырып жатканын белгилеген. Вашингтондун күчөтүлгөн жана жаңы кирген иммиграциялык талаптары тууралуу кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалаган.
АКШнын Мамлекеттик департаменти бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.
Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган жана бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот.
B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.
Июнь айында АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Мамлекеттик департаментинин катына шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана Африка, Кариб, Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирген.
Андан соң Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси Бишкектеги АКШ элчилиги жана Вашингтондогу элчи Айбек Молдогазиев сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.