Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жайлоолорду коргоого чакырды. Бул тууралуу 9-августта Фейсбук баракчасына билдирүүсүн жарыялап, соңку учурда өлкөнүн аймагындагы жайлоолорду кыдырып жүргөнүн, анда жер кыртышын техника бузуп жатканына күбө болгонун белгилеген.
“Анысы аз келгенсип, жайлоолор такыр боло баштаган. Себеби 1970-жылдардан бери жайлоолорго урук себүү иштери таптакыр болгон эмес. Биз 4-5 жылдан бери жайлоолорго урук себүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бирок бир жылда эле бардык жайлоолорго урук себүү мүмкүн эмес.Бери дегенде 15-20 жыл керек болот. Себеби урук себилген жер мал жайылбай, бир эки жыл эс алып туруш керек. Малдын саны да абдан көбөйүп кеткен”, - деп жазган Жапаров.
Ал жер-жерлердеги тургундарды ошол аймактагы жайлоолорду коргоого, коноктордун унаалары менен көк шиберлерди тебелөөсүнө жол бербөөгө чакырды.
Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллион гектар болсо, анын 9 миллион гектарын жайлоо менен жайыт ээлеп жатат. Бир кезде көк майсаң баскан жайлоолор төрт түлүк малдын көбөйгөнүнөн, кен байлык казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдан жылга такырга айланып баратат. Соңку беш жылда эле жайыттардын аянты 25 миң гектарга кыскарган.
Өкмөт бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн жайыттарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык программа бекиткенин, анын негизинде такырайган жерлерге урук себүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган. (TAb)