Кой-Таш окуясы: Атамбаев Гаага сотуна арыздангысы келет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Көк-Жар2 конушундагы курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши он күнгө камалды. Бул арада шаар мэри Айбек Жунушалиев мыйзамсыз делип үй-жайы бузулгандардын маселесин чечүү үчүн президентке сунуш берди. Израилдин Коопсуздук кеңеши Газа шаарын оккупациялоо планын жактырды. Тель-Авивдин мындай билдирүүсү эл аралык коомчулукта жана Израилдин өзүндө кескин сынга кабылды. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин дагы бир жолу көтөрдү. Бул окуя боюнча быйыл ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен сыртынан 11 жыл 6 айга кесилген.