Салык кызматынын мурдагы башчысы менен орун басарынын камактагы мөөнөтү 20-августка чейин узартылды

Алтынбек Абдувапов жана Исламбек Кыдыргычов.

Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун камактагы мөөнөтү 20-августка чейин узартылды.

Мындай чечимди 18-июлда Бишкектин Ленин райондук соту кабыл алганын аталган соттон билдиришти. Алардын камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Атайын кызмат Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычов кармалганын 2024-жылдын 6-декабрында кабарлаган. УКМК алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдаланууга байланыштуу мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экенин билдирген.

УКМК башкы салыкчылар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна көп суммада салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешесин “көмүскөдө” калтырууга мүмкүнчүлүк бергенин маалымдаган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев учурда абакта жаткан Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын билдирди. Ал 9-июлда Ош шаарында мамлекеттик кызматкерлер катышкан жыйында экс-чиновниктин байлыгы толугу менен мамлекеттин карамагына өтөрүн айтты.

Абдувапов менен Кыдыргычевдин жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Трамп Путинге ал украин президенти менен сүйлөшпөсө деле жолугарын билдирдиПрезидент Жапаров талаш жараткан ЖМК мыйзамына кол койдуБишкек мэри турак жайы бузулгандарга ипотека берүүнү сунуштады