Бишкек мэри турак жайы бузулгандарга ипотека берүүнү сунуштады

Көк-Жардагы мыйзамсыз делген үйлөрдү бузуу

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев мыйзамсыз делип үй-жайы бузулгандардын маселесин чечүү үчүн президентке сунуш берди.

Мэриядан кабарлашкандай, ал сунуштарга үй-жайы бузулгандарга жер участокторун берүү, адилеттүү кезек түзүү, ипотекалык насыялоо кирет. Президент бул сунуштарга кандай жооп бергени белгисиз.

“Муниципалитет мыйзамсыз объектилерге каршы күрөштүн алкагында жарандардын маселелерин жеке кароо жана үйлөрүнөн ажырагандарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт”, -деген Жунушалиевдин сөзүн таратты мэрия.

Мэрия буга чейин ушундай демилгени ишке ашарып жатканын кошумчалаган. Маалыматка ылайык, буга чейин жолду кеңейтүү маалында үй-жайы бузулган 18 адамга батир берилсе, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу дагы 13 адамдын турак жай маселеси чечилип жатканы айтылат.

Шаар бийлиги 2025-жылдын январь-июль айларында 6300дөн ашык объект бузулуп, 80859 чарчы метр муниципалдык жер бошотулганын кабарлады.

Ушул апта башында мэрия Көк-Жар конушундагы мыйзамсыз курулган объекттерди буза баштаганын кабарлаган. Анын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип, 20дан ашык адам кармалган.

Көк-Жардагы 172 контурда үй салгандар президентке кайрылып, алардын турак жайын буздурбоону суранышкан. Мэрия бул аймакка жер мунапысы берилбей турганын, себеби мыйзам боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулган үйлөрдү ган мыйзамдаштырса болорун кабарлады.

Дагы караңыз

Орусия менен Украина бири-бирине абадан сокку урдуТрамп Путин менен жакынкы аралыкта жолугушу мүмкүн экенин билдирдиКөк-Жардагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда беш адам кармалды