"Шератондогу окуя": Экспертиза жабыркагандардын “алган залакасы жеңил” деген тыянак чыгарды

Окуя Бишкектеги беш жылдыздуу мейманканада болгону кабарланган.

Бишкекте бийчи Жан Воиновдун, анын жакындарынын зомбулугуна кабылганын айтып, милицияга кайрылгандардын арызы боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу 5-августта "Азаттыкка" Биринчи май райондук милициясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, экспертиза жабырлануучулар "ден соолукка залакасы жок, жеңил зыян тарткан" деген бүтүм чыгарган. Соттук-медициналык экспертиза Кылмыш-жаза кодексинин "Ээнбаштык" жана "Тоноо" беренелеринин негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлдү. Тергөө уланууда.

30-июнда Бишкектин тургуну Алина Жакыпова Sheraton мейманканасында курбулары менен эс алганы барып, зомбулукка кабылганын 3-июлда социалдык түйүндөргө жазып, Жан Воиновду, анын аялын, кайнисин айыптап, видео далилдерин жарыялаган.

Жан Воинов алып баруучу Ассоль Молдокматованын жана мушкер машыктыруучу Александр Воиновдун уулу болгондуктан окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Кыз-келиндердин коопсуздугу, зордук-зомбулук маселеси көтөрүлгөн.

Бийчи өзү, анын эки жансакчысы жана кайниси Рустам Алмасов кармалганы маалымдалган. Воинов арыз жазгандардын биринин тосмо арызынын негизинде камактан өткөн аптада бошотулганы белгилүү болгон. (RK)

Дагы караңыз

“Тажик, өзбек, кытайлар менен кармашууга туура келүүдө". Харьковдогу жалданма согушкерлер"Клооптун" иши: Александров менен Дуулатовдун соту 1-сентябрда уланат"Хочу жить": Орусиянын кыргыз жарандарын согушка тартуусу кооптуу болуп туратӨзбекстан чет жакта жүрүп келген жарандарын ВИЧке текшерет