Украин президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушту токтотуу үчүн “аймактарды алмашуу” ыктымалдыгы тууралуу айтканына жооп берди. Ал “Украинанын аймактык маселеси боюнча жооп өлкөнүн баш мыйзамында бар экенин” белгилеп, украиндер “жерин оккупанттарга бербейт” деп айтты.
“Украина тынчтыкты орното турган реалдуу чечимдерге ачык. Бизге каршы ар бир чечим, Украинанын катышуусу жок кабыл алынган ар бир чечим ошол эле маалда тынчтыкка да каршы. Мындан эч майнап чыкпайт. Бул “өлүк чечимдер” эч качан иштебейт”, - деди Зеленский таңкы билдирүүсүндө.
Ал “чыныгы тынчтык үчүн” Трамп жана башка өнөктөштөр менен кызматташууга ачык экенин кошумчалады.
Кошмо Штаттардын президенти 8-августта Азербайжан жана Армениянын лидерлери менен жолугушуудан кийин журналисттерге берген маегинде Украинадагы согушту токтотуу үчүн “аймактарды алмашуу” маселеси да каралып жатканын билдирген.
Трамп 15-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен Альяскада жолугушарын кабарлады. Ал орус жана украин президенттери менен бирге жолугууну ниеттенгенин айтып, Путин жана Зеленский менен бирге жолугушуу болуп калышын четке каккан жок.
Axios басылмасы Альяскадагы сүйлөшүүдөн мурда АКШнын, Украинанын жана бир катар европалык өлкөлөрдүн өкүлдөрү ушул дем алышта Британияда жолугушууга камынып жатканын жазды. Анда Украина жана НАТОнун бир нече мүчө өлкөсү Трамп Путиндин ок атышууну токтотуу жана Киевдин пикирин эске албай туруп, аймактарды алмашуу боюнча сунушуна макул болушу ыктымал деп тынчсызданып жатканы белгиленген
Axios басылмасы үч булагына таянып жазгандай, АКШнын, Украинанын жана бир катар европалык өлкөлөрдүн өкүлдөрү ушул дем алышта Британияда жолугушууга камынып жатат.
Бул сүйлөшүүлөр келерки аптада күтүлүп жаткан АКШ президенти Дональд Трамп менен орус лидери Владимир Путиндин жолугушуусунун алдында өткөнү турат. Басылма Украина жана НАТОнун бир нече мүчө өлкөсү Трамп Путиндин ок атышууну токтотуу жана Киевдин пикирин эске албай туруп, аймактарды алмашуу боюнча сунушуна макул болушу ыктымал деп чочулашканын жазган.
АКШ менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусу 15-августта Аляскада өтмөй болгонун эки тарап тең расмий ырастады.
АКШ жана Орусиянын лидерлеринин жолугушуусу тууралуу сөз ушул шаршембиде АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвага келип, Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң айтыла баштаган.
Трамп орус жана украин президенттери менен бирге жолугууну ниеттенгенин айтып, Путин жана Зеленский менен бирге жолугушуу болуп калышын четке каккан жок. Бирок Москва мындай үч тараптуу жолугушуу азырынча эрте экенин билдирүүдө.
Талдоочулар Трамптын соңку билдирүүлөрүнө караганда ыктымал тынчтык келишиминин алкагында Украинага соңку согушта Орусия басып алган айрым аймактардан баш тартуу сунушталышы мүмкүн. Расмий Киев мындай шартты толугу менен четке кагып келет.
Шаршемибиде кечинде Fox News телеканалына берген интервьюсунда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио орус-украин согушун токтотууда талаштуу аймактар маселеси башкы ролду ойнооруна басым жасады. Ал жакынкы күндөрү Трамп жана Путин телефондон байланышып бир топ маселелерди талкуулашы мүмкүн экенин, анын жыйынтыгына жараша эки лидердин кийинки аптага болжолдонуп жаткан жолугушуусу болор-болбосу аныктала турганын айтты.
Вашингтондун Орусияга каршы экинчи деңгээлдеги санкциялары (Москвадан мунай, газ сатып алган өлкөлөргө карата) боюнча маселени Трамп жакынкы күндөрү кабыл алат, деди Рубио. Ал ошондой эле Украинадагы согуш боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ок атууну токтотуу шарты коюлаарын белгиледи.
Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ лидеринин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугушту. Жолугушуу эки жарым сааттан ашып, президент Дональд Трамптын Москвага койгон ультиматуму талкууланганы тууралуу маалым болду.
Трамп Орусияга 8-августка чейин Украина менен элдешүүгө мөөнөт белгилеген. Кремлдеги жолугушуунун алдында Financial Times гезити өз булагына таянып, эгер Уиткоффтун бул сапарынан эч кандай майнап чыкпаса Кошмо Штаттардын лидери "ачууланарын" айтканын жазды.
Москвада жарым жыл ичинде Путин Уиткофф менен бешинчи ирет жолукту. "Агенство" басылмасы бул жолу эң кыска жолугушуу болгонун эсептеген.
Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу эки тарап азырынча маалымат тарата элек.
Уиткоффту Москванын Внуково аэропортунда тосуп алган Путиндин чет өлкөлөр менен инвестиция-экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев жолугушуудан кийин "диалог [өлкөлөр ортосундагы] жеңет" деп Х соцтармагына жазды.
Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков "Звезда" телеканалынын эфиринде сүйлөшүүнү "абдан пайдалуу жана конструктивдүү" деп баалады. Анын айтканына караганда Кремлде "украин кризиси" талкууланып, "АКШ менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектеги мүмкүнчүлүктөрү" тууралуу сөз болду.