Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

АКШдан депортацияланган 25 жаран Кыргызстанга жеткирилди


ТИМдин имараты.
ТИМдин имараты.

Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 10-августта маалымдады.

АКШ тараптын депортация тартибине ылайык, эми алардын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө 5,10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынышы мүмкүн.

“Өлкөгө мыйзамсыз түрдө кайра кирүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал. Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн кесепеттерге жол бербөө максатында, АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат”, - деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары мекеме АКШга барууга камынып жаткан жарандарды ушул жагдайларды эске алып, ал өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырган.

Мунун алдында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев Кошмо Штаттарда жүргөн 45 кыргызстандыкты депортациялоо чечими чыкканын билдирген. Аларды өлкөдөн чыгаруу миграциялык мыйзамдарды бузууга байланыштуу экенин, кыргызстандыктар башка өлкөгө чыгып кетүүгө укугу бардыгын түшүндүргөн. Ошондой эле 2022-2023-жылдары АКШда жүргөн кыргызстандыктар иммиграциялык эмес визанын талаптарын көп бузганы аныкталып, бул жагдай ал өлкөнүн бийлигин тынчсыздандырып жатканын белгилеген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.

Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган жана бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот.

B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.

Июнь айында АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Мамлекеттик департаментинин катына шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана Африка, Кариб, Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирген.

Андан соң Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси Бишкектеги АКШ элчилиги жана Вашингтондогу элчи Айбек Молдогазиев сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG